Францияда президенттин аялына айлык акы чегерүү каралууда

15:23, 07 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Францияда президенттин аялына айлык акы чегерүү каралууда. Өлкөнүн Улуттук кеңеши «Өлкөнүн биринчи айымынын» уставын карап жатат. Эгер ал жактырылса, анда Бриджит Макров мамлекеттик казынадан маяна алып баштайт.
Франция жарандары буга каршы нараазычылык билдиришүүдө. Алардын айтымында, бул сунуш Эммануэль Макрондун шайлоо алдындагы убадасына каршы келет. Франция президенти үгүт кампаниясында аялы коомдук иштер менен алектенип, салыкчылардын эсебинен айлык албастыгын айткан болчу.
Француз сүрөтчүсү Тьерри Поль Валетт Бриджит Марконго Биринчи айым макамын ыйгарууга каршы кол топтоону баштады. Ал президенттин аялында азыр салыкчылардын эсебинен жашап жаткандыгын, ага эки катчысы, эки жардамчысы жана дене сакчылары жетиштүү экендигин айтат.

Петицияга 175 киши кол койду. Жалпысынан 500 миң француз жараны колдошу керек.