10:33, 07 августа 2017, Бишкек - 24.kg
«Кумтɵр Голд Компани» ишканасы курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча жылдык отчетун чыгарды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматка караганда, отчеттун форматы Глобалдык отчеттуулук демилгесинин, Тоо-кен өндүрүшү менен металлургиялык сектордо отчетуулкка кошумчанын талаптарына жооп берет. Ишкана бул баяндама менен мамлекеттик бийлик органдарын, ɵкмɵттүк эмес секторду жана кеӊири коомчулукту кен ишканадагы жаратылышты коргоо ишмердүүлүктүн абалы жана курчап турган чɵйрɵнү коргоодогу аткарылган иш чаралар жɵнүндɵ маалымдоону көздөйт.
Отчет Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга жана китепканаларга таратылат.
«Кумтɵр Голд Компанинин» 2016-жыл үчүн курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана туруктуу ɵнүктүрүү жɵнүндɵ жылдык отчету бардык кызыккандарга орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү.