Наманганда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жолугушуу өтүүдө

08:53, 07 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги сүйлөшүүлөрү Наманганда өтүп жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, жолугушуу 13-августка чейин болот. 2016-жылдын соңунан бери эки мамлекеттин тийиштүү адистери ай сайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө электиги маалымдалган.