11:27, 04 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Тарых музейинин качан оңдолуп бүтөрүн билбейт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине мекемеден билдиришти.
Министрликтин айтымында, музейдин ичин оңдоо иштери али баштала элек.
«Имараттын сырты оңдолуп жатат. Ичин оңдоого каражат издеп жатабыз. Ага республикалык бюджеттен акча бөлүнүшү керек» — дейт маданият министрлиги.
Түркия менен түзүлгөн келишимге ылайык оңдоо иштери 31-августта аякташы керек болчу. Бирок, кийин аны ноябрга жылдыруу сунушталган.