11:18, 03 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА
Журналист Карачач Шакирова жана жол кайгуул кызматынын өкүлүн сабагандар кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Документтерин текшерүү кезинде жарандар милицияга жана журналистке кол салышкан. Алты киши кармалып, абакка киргизилди.