04:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Медет Ахматов: Ботаникалык бакты атайын күйгүзүштү

Бир жума ичинде Бишкектеги Ботаникалык бакта үч жолу өрт чыкты. Анын бирөөн өздөрү өчүрүп, эки жолу өрт өчүргүчтөрдү чакырышкан. Бул тууралуу «24.kg» агентигине бактын директору Медет Ахматов билдирди.

Анын айтымында, өрт жөн жерден чыккан эмес. Өткөн жылы бир да өрт болгон эмес.

«Кечээ мына атайын күйгүзүштү деп ойлойбуз. Куураган чөп күйүп, эч бир чыгым болгон жок. Милиция текшерип чыгышы керек. Бул ветлабораториянын курулушу менен байланыштуу болушу да мүмкүн. Анткени, жөн турган чөп өзүнөн өзү күйүп кетпейт да», — деди ал.

Эскерте кетсек, Айыл-чарба мелеорияция министрлиги Ботаникалык бактын 4 гектар жерин бөлүп берүү сунушун өкмөткө жолдогон. Ал жерге ветеринарлык лаборатория куруу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар