Мамлекеттик беш ишкана сатыкка коюлду

14:27, 02 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Мамлекеттик беш ишкана сатыкка коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду маалымдайт.

«Идеал Хаус» толук курулуп бүтө элек имарат, «Мансард» коттеждик үйү жана жүргүнчүлөрдү ташыган үч ишкана: «Транс Союз Азия», «ВАСО» жана «Азамат».

Буга чейин Кара-Балта спирт заводуна дагы аукцион жарыяланган. Аукцион 14-августта өтөт.