Алайда жер титиреди

14:18, 02 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Алайда жер титиреди. Сейсмология институтунун билдирүүсүндө, 2-августтагы жер титирөөнүн кубаттуулугу 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогуАлай кырка тоолорунда жайгашкан.

Ош облусунун Алай районунун Икизяк, Нура айылдарында 3 балл, Кек-Суу айылында 2,5 балл сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.