Муса Төлөгөнов атасынын сотунда көрсөтмө бере алган жок

13:30, 02 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөновду сотко алып келишкен жок. Ал ооруп калыптыр. Бул тууралуу бүгүн сот Марат Сыдыков билдирди.

Райкан Төлөгөнов № 47 абакта кармалган уулунун кечээ эле дени сак болгондугун маалымдады.

Эскерте кетсек, Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде Курманбекс Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктү талап-тоноо факты боюнча айыпталууда. Уулу Муса дагы ушул эле факт боюнча абакта.