15:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Төлөгөновдун сотундагы күбөнү уурдап кетишти

«Ата-Мекен» партиясынын жоголгон активисти Нургазы Бакаев Райкан Төлөгөновдун сотунда күбө катары суралмак. Бул тууралуу бүгүн Биринчи май райондук сотунда парламенттин мурдакы депутаты, айыпталуучу Райкан Төлөгөнов билдирди.

Анын айтымында, нургазы Бакаевди УКМКнын күбөлүгүн көрсөткөн кишилер белгисиз тарапка эрчитип кетишкен.

«Эки күн жоголуп, бүгүн пайда болуптур. Мен бул ишке байланыштуу күбө болгондуктан, аны коркутуп -үркүтүүлөр болду деп эсептейм» — деп, эмки отурумда суракка алууну сунуштады.

Сот макул болду.

Эскерте кетсек, Нургазы Бакаев Абдулла Юсупов менен бир камерада олтурган. 2017-жылдын март айларында Абдулла Юсупов жалган көрсөтмө берип жаткандыгын айтып чыккан.

Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде Курманбекс Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктү талап-тоноо факты боюнча айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар