Президент сүйүнчү бериле турган мыйзамга кол койду

16:45, 01 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Президент Алмазбек Атамбаев «Жөлөк пул» жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 21-июнда кабыл алды.

Ага ылайык жөлөк пулдун беш түрү аныкталат:

— бала төрөлгөндө бериле турган сүйүнчү;

-3 жашка чейин ай сайын бериле турган жөлөк пул;

-3 жаштан 16 жашка чейинки үч баладан көп үй-бүлөлөргө бериле турган жөлөк пул;

-пенсиясы жок жарандарга бериле турган жөлөк пул.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирет.