16:45, 01 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
Президент Алмазбек Атамбаев «Жөлөк пул» жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.
Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 21-июнда кабыл алды.
Ага ылайык жөлөк пулдун беш түрү аныкталат:
— бала төрөлгөндө бериле турган сүйүнчү;
-3 жашка чейин ай сайын бериле турган жөлөк пул;
-3 жаштан 16 жашка чейинки үч баладан көп үй-бүлөлөргө бериле турган жөлөк пул;
-пенсиясы жок жарандарга бериле турган жөлөк пул.
Мыйзам 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирет.