Лабораторияны кура турган кытайларга Ботаникалык банктан башка жер жаккан эмес

16:13, 01 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Бишкектеги Ботаникалык бакка лабораторияны кытайлар курат. Бул тууралуу Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директору Амангелди Исаев билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө жетекчилери кол койгон келишимдин негизинде лабораториянын курулушуна грант түрүндө каражат бөлүнөт.

«Ири көлөмдөгү акча бөлүнөт. Долбоордук эсебине эле 920 миң юань берилди. Бул Борбордук Азиядагы уникалдуу, заманбап жабдуулар менен камсыз болгон лаборатория болот», — дейт ал.

Амангелди Исаевдин билдирүүсүндө, Кытай тарап айыл-чарба министрлигинин карамагындагы жерлердин баарын карап чыккан. Бирок, эч бири жаккан эмес.

«Ботаникалык бак жакты. Алар топурагын текшерип көрүштү. Электр жарыгына, агындуу сууларга жана башка байланыш түйүндөрүнө кошулуусу алардын талаптарына жооп берди» — деди ал.

Курулуш башталса бактар кыйылат. Министрлик баарын кайра тигип, жашылдантып берүүнү убадалайт.