10 жаштагы кыргызстандык эл аралык шахматтык таймашты жеңип алды

11:48, 01 августа 2017, Бишкек - 24.kg

10 жаштагы кыргызстандык Эржан Жакшылыков эл аралык шахматтык таймашты жеңип алды. Бул тууралуу  chess-results.com сайтында маалымдалат.

Astana Open 2017 таймашында 10 жашка чейинки, 14 жашка чейинки жана калоочулар күч сынашкан. Кыргызстандан 20дай шахматчылар барышкан. 

Эржан Жакшылыков бир жолу да утулган эмес. Тогуз жолку таймаштын экөөндө гана тең болуп калган.