USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкекте шайлоо бүткөнчө митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
10:39, 01 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкекте  1-августтан 20-октябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу  «24.kg»  агентигине Биринчи май райондук сотунан билдиришти. 

Сотко Ички иштер министрлиги кайрылып, Акүй, Борбордук шайлоо комиссиясы, министрликтер жана соттордун алдында митинг өткөрүүгө бөгөт коюуну сунуштаган.  Сот ИИМди колдоп чечим чыгарды. 

Эскерте кетсек, акыркы жумада Биринчи май райондук сотунун алдында Садыр Жапаровдун жана Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрүп келет.      

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика