10:39, 01 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Бишкекте 1-августтан 20-октябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Сотко Ички иштер министрлиги кайрылып, Акүй, Борбордук шайлоо комиссиясы, министрликтер жана соттордун алдында митинг өткөрүүгө бөгөт коюуну сунуштаган. Сот ИИМди колдоп чечим чыгарды.
Эскерте кетсек, акыркы жумада Биринчи май райондук сотунун алдында Садыр Жапаровдун жана Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрүп келет.