Жол эрежесин бузган президенттикке талапкер айып пул төлөдү

09:39, 01 августа 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Жол кайгуул кызматы президентикке талапкер Темир Сариевге айып пул салынгандыгын маалымдайт. Ал 26-июль күнү «Кыргызтесттен» сынак тапшыруу үчүн коопсуздук курун тагынбай унааны айдап келген.

Эскерте кетсек, кур тагынбай унаа айдаган Темир Сариевдин видеосу социалдык тармакка жарыяланган. 

Жол кайгуул кызматынын маалыматында, талапкер миң сом айып төлөгөн.