14:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Швейцария Каримованын иши боюнча Өзбекстандын өтүнүчүн карап жатат

Швейцариянын Башкы прокуратурасы Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримованын ишине байланыштуу укуктук жактан жардам берүү боюнча өзбек бийлигинин жаңы өтүнүчүн карап жатат. Бул тууралуу centralasian кызматы РИА Новости агенттигине шилтеп билдирет.

«Башкы прокуратура укуктук жардам берүү боюнча Өзбекстандын өтүнүчүн алганын ырастайбыз. Учурда ал каралып жатат», — деп билдирди Швейцария прокуратурасынын өкүлү.

Мекемеден Швейцарияда коррупциялык мыйзам бузуу жолу менен акчанын изин жашыруу боюнча кылмыш иши 2012-жылы алты кишиге, анын ичинде Каримовго карата дагы козголгонун белгилешти.

«Учурда Башкы прокуратура тарабынан 800 миллион швейцария франкы (1 франк = 0.97 АКШ доллары) өлчөмүндөгү активдер кыскартылды. Кылмыш иши ачылгандан бери Швейцариянын Башкы прокуратурасы 19 өлкөгө, анын ичинде Швецияга, Нидерландыга жана АКШга карата укуктук жактан жардам берүү жараянын өткөрдү», — деп билдиришти прокуратура өкүлдөрү.

28-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага каршы кылмыш иши козголгонун билдирген. Ага алдамчылык, чет өлкө валюталарын катуу, бажы мыйзамдарын бузуу жана арам акчаларды адалдоо беренелери боюнча айып тагылган.

2015-жылы августта Ташкент соту Каримованы салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу, оффшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу боюнча күнөөлүү деп таап беш жылга эркиндигин чектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар