Садыр Жапаровдун сотунда өкүм угузулган жок

14:55, 31 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровдун соту соттун катчысы ооруп калгандыгына байланыштуу 2-августка жылдырылды. 

Бүгүн айыпталуучуга акыркы сөз берилип, өкүм угузулмак.

Сотко «Ата-Журт» партиясынын лидери депутаты Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдакы депутаты Бөдөш Мамырова жана Садыр Жапаровдун тарапташтары келишти.

Биринчи май райондук сотунун алдына топтолгондор Садыр Жапаровго акыйкат чечим чыгарып, аны бошотууну талап кылышты.