10:21, 31 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА
Кыргызстандын тышкы карызы бир айда 24 миллион долларга өстү. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдайт.
2017-жылдын 31-майына карата мамлекеттик карыздын көлөмү — 4 миллиард 243 миллион 52 миң сомду түздү.
Анын 3 миллиард 868 миллиону тышкы карыз, 375 миллион 51 миң сому ички карыз.
Январь—июнь айларында тышкы карызды тейлөө үчүн бюджеттен 10 миллиард 461 миллион 889, 6 миң сом бөлүнгөн.