Президентикке ат салышкандардын саны 46га жетти

17:18, 28 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясына «Чоң казат» саясый партиясынан көрсөтүлгөн Турат Акимов жана «Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Канат Исаев шайлоого катталуу үчүн документтерин тапшырды. 

Андан сырткары, жумушсуз Муканбай Айманбаев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Эрнис Зарлыков арыз жолдошту. Бул жаран өзүн-өзү көрсөтүшүүдө. 

Талапкерлердин саны 46га жетти. Шайлоо 15-октябрда өтөт.