13:09, 28 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА
Каржы министрлиги мамлекеттик органдардан чыгымдарын кыскартууну суранды. Себеби өлкө казынасына 8,9 миллиард акча жетпей калышы күтүлөт. Бул боюнча бүгүн өкмөттүн жыйынында каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков маалымдады.
Анын айтымында, 26-июлга карата бюджеттен кошумча дагы 19, 8 миллиард чыгым болду. Анын 700 миллион сому өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга, 1 миллиард укук коргоо органдарына социалдык объекттерди тургузууга, президенттик шайлоого 479 миллион, 243 миллион саламаттыкты сактоонун дагы имараттарына бөлүндү.