04:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Гүлнара Каримова 5 жылга түрмөгө кесилген

Гүлнара Каримова 5 жылга түрмөгө кесилген. Бул туура Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматта, мурдакы президент Ислам Каримовдун кызы ири өлчөмдөгү акчаны уурдагандыгы үчүн соттун чечими менен 2015-жылы камалгандыгы айтылат.

Гүлнара Каримова 2014-жылы Ташкенттеги үйүндө кармалып, үй камагына алынган. Анын жакындары жана чогуу иштешкендердин бир тобу анда дайынсыз жоголуп, же камалгандыгы айтылган. Ошондон баштап Гүлнара Каримованын абалы, ага эмне айып тагылып жаткандыгы сыр бойдон калып, Өзбекстандын укук коргоо органдары бир да маалымат беришкен эмес.

Ислам Каримов дагы кызы жөнүндө ооз ачкан эмес. 2016-жылы Ислам Каримовдун жаназасына дагы аялы менен кызы Лола гана катышкан.

Гүлнара Каримова кармалган кезде анын жанында кызы Иман чогуу болгондугу маалымдалган. Ал эми уулу Ислам Лондондо окуйт. Ал дагы акыркы жылдары мурдакыдай интервью берип, апасынын абалы жөнүндө айтпай калды.

Айрым маалымат каражаттары Гүлнара Каримованын тирүү эместигин кабарлашкан.

Өзбекстандын башкы прокуратурасынын маалыматында, Гүлнара Каримовага каршы дагы бир иш боюнча тергөө жүрүп жатат. 

Эң көп окулган жаңылыктар