21:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек юристтери Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларын коргоону өтүнөт

Бишкек адвокатурасынын өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Чынара Жакыпова, Канатбек Хасанов жана Искен Афиджановду, аңдууну токтотууну талап кылат. Бул тууралуу алар Башкы прокурор Индира Жолдубаевага жана УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге кайрылуу жолдошту.

Анда, жактоочуларды, аңдуу менен УКМК адвокатура мыйзамдарын жана алардын кол тийбестик укугун бузуп жатат.

«Видеодо жактоочулардын үй-бүлөсү да тартылган. Бул мыйзамдык принциптерге толугу менен каршы келет. Андан сырткары, 13 мүнөтүндө монтаждалып, орду алмаштырылган» — деп айтылат.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаевдин жана Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупова саламаттыгына байланыштуу сотко келбей жаткан. Ал 21-июлда ден-соолугу начарлап, эргүү алган.

Кечээ интернетте Чынара Жакупова баласы менен паркта жүргөн видео пайда болду. Анда «Текебаевдин жактоочулары кантип ооруп жатат?» — деп жазылган.

Дагы бир видеодо Канатбек Хасанов менен Искен Афиджановдун кофейнядагы жолугушуусу тартылган.

Эскерте кетсек, Чынара Жакупова, Искен Афиджанов жана Канатбек Хасанов сотко келбегендигине байланыштуу Өмүрбек Текебаевге мамлекеттик жактоочу берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар