USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Президенттикке дагы бир ардагер ат салышат

17:56, 27 июля 2017, Бишкек - 24.kg

62 жаштагы ардагер Казыбек Шайымбетов дагы өлкө башчысынын кызматына күч сынашат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт.

Казыбек Шайымбетов Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну. Пенсияга чыкканча Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резинденцияны жетектеген. 

Президенттик ат салышууга камынгандардын саны 42 жетти. Анын тогузу партия өкүлдөрү. 

Шайлоо 15-октябрда өтөт. Азыр талапкерлер кол топтоо жана мамлекеттик тилден сынак тапшырышууда. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика