09:52, 27 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
«Супер.kg» сайтынын журналисти президентке берген суроосу үчүн «белгисиз мөөнөткө эс алууга» кеткендигин билдирди. Бул тууралуу Автандил Добулбеков Facebook баракчасына жазды.
Автандил Добулбеков өзүнүн белгисиз мөөнөткө эс алууга кетүүгө аргасыз болуп жатканын маалымдап, ага колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык айтат.
«Президенттин пресс-конференциясында берилген суроо, президенттин жообу, ал боюнча талкууларды талкуулоо учурунда пикир келишпестик келип чыкты. Түзүлгөн кырдаал мени белгисиз мөөнөткө эс алууга кетүүгө түрттү, ойлонууга аргасыз кылды. Бирок маселе чечилди. Президентке берген суроомду да, президент тарабынан айтылган сынды да орундуу деп эсептейм», — деди Автандил Долунбеков.
Эскерте кетсек, журналист 24-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйында Алмазбек Атамбаевдин элге карата айткан нааразычылыгынын себебин сураган.
«Урматтуу президент, 2012-жылдын 7-апрелинде Бишкекте Аксы жана Апрель баатырларына арналып эстелик ачылган. Ошол эстеликтин ачылышында сиз Кыргызстандын бийлиги элдин ишеничине таянганда гана күчтүү болорун унутпасын дегенсиз. Бирок акыркы күндөрү элге карата көбүрөөк сын-пикир, нааразылык айтып, ал эми башка өлкөлөр, сырттагы лидерлер тууралуу жылуу пикир билдирип жатасыз. Ошондо катачылык кемчилик элдеби, же бийликтеби? Мисалы, Казакстандагы ЭКСПО тууралуу «эгерде мен ошончо каражат коротуп уюштурган болсом, мени тытып жеп коюшмак» — деген билдирүү айттыңыз» — деген собол узаткан.
Алмазбек Атамбаев анын сөзүн журналисттер бурмалагандыгын билдирген.