Улуттук банктын интервензицияларынан кийин доллардын наркы өсүүдө

09:32, 27 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Улуттук банктын интервензицияларынан кийин доллардын наркы өсүп баштады. Эки күн ичинде АКШ валютасы 50 тыйынга кымбаттады. 

Бүгүн ордо кааладагы акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 68,6-68, 7 сомдон сатып алып, 68,8-68,9 сомго сатууда.

Эскерте кетсек, июлдун ортосунда доллар кескин арзандап баштаган. Айрымдар АКШ валютасынын сомго карата куну кеткенин айтышкан. Бир жума ичинде 1 сомго арзандагандан кийин Улуттук банк финансалык рынокко кийлигишип, 18,3 миллион доллар сатып алды.