15:11
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жээнбеков ЕАЭБтин регламенттин жөнөкөй тил менен түшүндүрүүнү талап кылды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 12-августунда ишке кире турган ЕАЭБтин техникалык регламентин жөнөкөй тил менен түшүндүрүүнү талап кылды.

«Техникалык регламентти ишкерлерге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүү керек», — деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн жумушчу топтун кеңешмесинде.

Өкмөт башчысы дагы бир жолу Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен Кыргызстан бир катар милдеттерди мойнуна алгандыгын эскертип өттү. Ал техникалык регламентти ишке ашыруу — күндүн башкы тапшырмасы экендигин белгиледи.

Жыйында экономика министри Арзыбек Кожошев, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин жана ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов катышты. Алар техникалык регламетти ишке ашыруу жана текшерүүчү лабораторияларынын даярдыгы тууралуу маалымдашты.

Бүгүн техникалык регламенттин бир нече талаптары ишке кирди. 97 жобосунун 92и боюнча мыйзамдык база түзүлдү. Калгандары боюнча укук-ченемдик актылары даярдалып жатат.

Жыйында ЕАЭБдин рыногуна товарларын экспорттогон ишкерлер өндүрүшүн техникалык регламенттин талаптарына ылайыкташтырып жаткандыктан, алар эч бир ыңгайсыздыкка дуушар болбостугу айтылды. Андан сырткары, ишкерлерге сапат боюнча сертификаттарды алуу үчүн өткөөл мезгил берилет. Алардын 2017-жылдын 12-августуна чейин алынган сертификаттары 2019-жылдын 12-августуна чейин иштейт.

Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү бул жаатта иш алып барып жаткан мамлекеттик органдардын жардамына ыраазычылык билдиришти. Алар биргеликте жемиштүү жыйынтык чыгарып жатканын белгилешти.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул жаатта иштерди тездетүүнү жана бизнес коомчулук менен экспортко багытталган ишканалар арасында маалыматтык кампанияны баштоону тапшырды.

Уюмдун Бирдиктүү реестрине 33 лаборатория жана 11 күбөлүк органы кирген. 29-майда баштап Оштогу текшерүүчү, метрология жана күбөлүк берүү борборунда оңдоо иштери башталды. Борбор жаңылангандан кийин тамак-аш, жеңил өнөр-жай, балдарга арналган товарлар жана оюнчуктар боюнча техникалык регламентти талаптарын ишке ашыра алат.

Бишкек жана Ош шаарынын ветеринарлары 2 миллион долларга жаңы, заманбап жабдуу алышты. Бюджеттен ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушуна жана жаңылоосуна 54 миллион сом бөлүндү.

Кыргызстандын 28 ишканасы ЕАЭБдин рыногуна товар алып кирүү укугуна ээ болуп, атайын тизмеге киргизилди. Дагы 7 ишкана жооп күтүүдө.

Белгилей кетсек, Экономика министрлигинин алдында техникалык регламенттин талаптарын ишке ашыруу, ага даярдыктык көрүүгө көмөктөшүү жана ишке киргизүүгө мекемелерди топтогон жумушчу топ түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби