USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

«Замандаш» партиясы Сооронбай Жээнбековдун президентикке талапкерлигин колдойт

15:28, 26 июля 2017, Бишкек - 24.kg

«Замандаш» партиясы Сооронбай Жээнбековдун президентикке талапкерлигин колдойт.

Партия бүгүн, 26-июлда республикалык конференция өткөрдү. Ага катышкан өкүлдөр алдыдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоону сунушташты.

Партиянын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов Кыргызстан мамлекет жетекчисин биринчи жолу альтернативдүү негизде тандап жаткандыгын билдирди.

«Алдыдагы шайлоо абдан маанилүү. Анын жыйынтыгына көп нерсе көз каранды. Кыргызстандын экономикалык ийгиликтүү арышы үчүн өлкөгө коомдо туруктуулукту сактай алган, Апрель революциясынан кийинки багыттын туура экендигине ишенген, баардык саясый жана коомдук күчтөрдү бириктире алган башчы керек», — деди ал.

Жеңиш Молдокматов «Замандаш» 22-июлда өткөн саясый кеңешинин жыйынында президентке ат салышкандардын ичинен Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алганын маалымдады.

«Партия Сооронбай Жээнбековго колдоо көрсөтөт жана талапкердин ичинен азыркы премьер-министр өлкөнү жетектөөгө татыктуу деп эсептейт», — деп билдирди Жеңиш Молдокматов.

Республикалык конференцияга катышкан 102 өкүл, бул сунушту толук колдошту.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика