21:04
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Нарында 4 миң 460 гектар аянт чегирткеден тазаланды

Нарында 4 миң 460 гектар аянт чегирткеден тазаланды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирет.

Министр Нурбек Мурашев облусту кыдырып, зыянкечтерге каршы күрөш  менен жайынан таанышып чыкты.

Буга чейин Нарында 21 миң 733 гектар айыл чарба жерин зыяндуу чегирткелер каптаганын, анын 2 миң гектарга жакын жерине химикаттар чачылганын маалымдалган.

Мекеменин билдирүүсүндө, облуста 14598 гектар тоют аянтынын ичинен көп жылдык чөптүн 11065 гектар аянты чабылып, 9357 гектары аянты жыйналып алынды, дүң түшүм 64884 тонноны түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар