«Атанын керээзи» тасмасы эл аралык фестивалда үч байге утуп алды

12:22, 25 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

«Атанын керээзи» тасмасы эл аралык фестивалда үч байге утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографисттер бирикмесинен билдиришти.

Durban International Film Festival эл аралык сынагында «Мыкты тасма» Гран-прин утуп алган. Андан сырткары, режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулуунун эмгеги дагы байгеге арзыды. Үчүнчү байгени оператор Акжол Бекболотов алды. 

Бул Түштүк Африкадагы ири фестиваль. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 250дөй тасма катышат.