Москвада 19 жашар кыргызстандыкты сабап кетишти

10:19, 25 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Москва шаарында 19 жашар кыргызстандыкты сабап кетишти. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Маалыматта окуя 22-июль түнү «Авиамотор» станциясынын жер төлөсүндө болгондугу айтылат. Кыргыз жаранынын баш мээси чайкалып, оорууканага түшкөн. 

Полиция 18-20 жаштагы алты студентти кармашты. Ишти иликтөө жүрүп жатат.