08:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ашхабад «жабык шаарга» айланды

Түркмөнстандын облустарынан келген унааларды Ашхабадга киргизбей жатышат.Ордо кааланын номуру жок машиналар артка кайтарылууда. Айдоочулар автоунаасын таштап, андан ары коомдук транспорт, же такси менен Ашхабадка кире алышат.

Автобустар жүргүнчүлөрүн шаардын кире беришиндеги Чонгалы автобекетине калтырып кетишүүдө.

Мындай чектөөлөр адатта Ашхабадга башка өлкөдөн жогорку даражадагы коноктор келген маалда киргизилип турат. Бул жолкусу Азия оюндарына байланыштуу жана ал аяктаганга чейин созулары күтүлүүдө.

Чектөөлөрдүн натыйжасында таксилер азайып, кызмат көрсөтүү наркы кыйла жогорулады.

Эң көп окулган жаңылыктар