19:06
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Атамбаев: Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Текебаевди колдоп эмес, мага каршы бирикти

«Атамбаевге каршы чабуул башталды» — деп президент бүгүнкү Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйында «24.kg» маалымат агентигинин 2010-жылдын 13-майы тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 13-майында кайда болгону жана эмне кылганы эсинде жок. Бирок, 12-май күнү жакшы эсинде. Анткени, анда бийликти төңкөрүү аракети болгонун маалымдады.

«Өкмөт үйүнүн алдында чоң митинг топтолду. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баары качып кетишти. Көчөдө бир да министр, бир да милиция жок экен. Мен КСДПнын штабына — «Форумга» барып, «Автомашка» телефон чалып, жумушчуларды көчөгө чыгардым. Аларды өкмөт үйүнө алып бардым. Ал күнү убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары качып кеткен. 12-майда бийлик алмашып кетмек. Азыр баары эле 13-майды эстеп, 12- майды унутуп калышыптыр. Анкени ал күнү баары өз иши менен алек болчу», — деди Алмазбек Атамбаев.

Эскерте кетсек, тергөөнүн билдирүүсүндө, 13-май күнү Өмүрбек Текебаев Алексей Модин менен жолугушуп, MegaCom компаниясынын үлүшүнө ээ болуу маселесин талкуулаган.

«Мен сотко басым жасагым келген жок. Бирок, азыр Атамбаевге чабуул башталды. Бул Текебаевди колдоо эмес, мага каршы чабуул. Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү кылганы үчүн жооп берет. Чындык баары бир калкып чыгат. Компаниянын 51 пайызы эмне үчүн улутташтырбай калганын эле баары белгилүү болуп жатпайбы», — деди президент. 

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби