10:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жаңы өкмөт башчысы августтун ортосунда дайындалат

Жаңы өкмөт башчысы августтун ортосунда дайындалат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Ал Сооронбай Жээнбеков талапкер болуп катталгандан кийин гана премьер-министрдин кызматын аткаруучу дайындалары айтылды.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, мыйзам боюнча партиядан көрсөтүлгөндөн кийин эле кызматын тапшырышы шарт эмес. Анткени, Боршайком аны каттабай коюушу ыктымал.

«Мен негизинен президент болгондон кийин гана премьер-министрликтен кеттим. Бирок, анда өлкөдө ахыбал башкача эле. Азыр талапкер катталгандан кийин кызматын тапшырса болот. Августтун ортосунда коалициялык көпчүлүк жаңы өкмөт башчысын бекитет», — деди Алмазбек Атамбаев.

Маалымат жыйында Алмазбек Атамбаев КСДП болбосо шайлоодо Сооронбай Жээнбековго эмес, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго колдоо көрсөтөрүн айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума