07:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев Икрам Илмияновго шоопурлардын партиясын түзүү кеңешин берди

Президент Алмазбек Атамбаев Икрамжан Илмияновго шоопурлардын партиясын түзүп, президентикке аттануу кеңешин бергендигин бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

«Илмияновдун байлыгын канча текшерсеңер дагы таппайсыңар» — деди ал.

Эскерте кетсек, Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчиси, аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Президентке жакын жана КСДП партиясында таасирлүү адам.

Ага бир катар ишканалар менен бирге телеканалдар тиешелүү экендиги айтылып жүрөт.

Президенттин маалымат жыйыны Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өтүп, ага 70тен ашык журналисттер катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар