05:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент Чыныбай Турсунбековго партиянын катарынан чыгып кетүүнү сунуштады

«Эгер Чыныбай Турсунбеков партиянын чечими менен макул болбосо, андан чыгып кете берсин» — деп Алмазбек Атамбаев бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резииденцияда өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Өлкө башчысы Чыныбай Турсунбеков КСДП партиясында бир топ жылдан бери иштеп, жакшы фракция жетекчиси болгону айтып өттү.

«Талапкер тандаар алдында партия өкүлдөрү мага кайрылышкан. Мен социалдык опрос жүргүзүүнү сунуштадым. Анын жыйынтыгында алдыда Сооронбай Жээнбеков, андан кийин Сапар Исаков экен» — деди президент.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке ат салышарын билдирген. Ал КСДП партиясынын курултайында эки талапкерди сүрөп чыгууну сунуштаган. Бирок, партия эле премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума