Аламүдүн дарыясына түшүп кеткен унаадагы алты жашар бала агып кетти

10:08, 24 июля 2017, Бишкек - 24.kg

22-июль күнү Аламүдүн суусуна жеңил ууна түшүп кеттин. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, машинанын ичинде беш киши болгон. Төртөө оорууканага жеткирилип, 2011-жылы туулган алты жашар бала сууга агып кетти. Куткаруучулар бир нече сааттан кийин баланын денесин табышты.

Эскерте кетсек, 19-июль күнү дагы Нарында окшош кырсык катталган. Анда дарыяга түшүп кеткен унаадан үч чоң кишилер өз алдынча суудан чыгып, төрт жашар бала агып кеткен.