Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын шайлоодо добуш берүү маселеси чечиле элек

17:48, 21 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын шайлоодо добуш берүү маселеси чечиле элек. Бул тууралуу бүгүг Боршайкомдун жыйынында айтылды. 

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын билдирүүсүндө, чет жактагы Кыргызстандын жарандары үчүн добуш берүүнү уюштуруу иштери дагы эле бекитиле элек. 

«Биз атайын план иштеп чыкканбыз. Аны талкуулап, бекитип, тийиштүү мекемелерге жөнөтүш керек. Бирок, ал дагы күн тартибине киргизилбей жатат», — деди Атыр Абдрахматова.

Болжол менен чет мамлекетке 36 шайлоо тилкеси ачылат.