12:55, 21 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА
19-июль күнү Бишкек шаарынын Тыналиев -20 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулаган жумушчунун абалы жакшы. Бул тууралуу травматология жана ортопедия борборунан маалымдашты.
Даарыгерлер, 20 жаштагы К.А.нын абалы турукташып, реанимациядан палатага которулганын билдиришти.
Эскерте кетсек, 9-кабаттан кулагандардын дагы бирөө, 1983-жылы туулган Нурбек Аманкулов жайында мерт кетти. Анын артында эки уулу калды. Курулуш «Мерибелл ИНШААТ» компаниясына тиешелүү. Мамлекеттик техникалык инспекция комиссия түзүп текшерүү жүргүзүүдө.