Ысык-Көлдө рулда уктап кеткен айдоочу бакты сүзүп алды

10:09, 21 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Ысык-Көлдө айдоочу рулда уктап кетип, бакты сүзүп, мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалымат кызматы билдирет.

Окуя Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында болгон. 1949-жылы туулган П.Н.Д. аттуу жаран рулда уктап кетип, бакты сүзүп алган. ӨКМдин куткарууучулары анын сөөгүн туугандарына өткөрүп берген.