18:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сауд Арабия бийлиги көчөдө кыска юбкачан жургөн кызды камакка алды

Сауд Арабия бийлиги көчөдө кыска юбкачан жүргөн кызды камакка алды. Интернетте жарыяланган видеодо Хулуд аттуу жаш кыздын Ушайкир байыркы кыштагынын көчөлөрүндө кыска кийим менен басып жүргөнү чагылдырылган.

Модель роликти интернетке анын уруксатысыз жарыялашканын айтууда. Эгер Хулуд күнөөлүү деп табылса, ал түрмөгө кесилип, айыппул төлөшү мүмкүн.

Полицияга Сауд Арабиядагы шарият мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөгөн уюм кайрылган. Тасмага бийликтин көңүлүн Twitter колдонуучулары бурду. Алар «модель Хулуд сотолсун» деген хештек менен роликти жарыялашып, аялдын жылаңач буттарын жаап коюшкан.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму моделди куугунтуктоону дискриминация катары баалады. Сауд Арабияда аялдар башынан бутуна чейин жабык кийим кийүүгө милдеттүү жана унаа айдай алышпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар