18:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбек ЖОЖдору хиджаб кийген кыздардын окууга кабыл албай жатат

Өзбек ЖОЖдору чүмкөнө жоолук салынган жана этеги кыска юбка кийген кыздарды окууга кабыл албай жатат. Бул тууралууу centralasian порталы маалымдайт.

Маалыматта, Анжияндын мамлекеттик университети хиджабчан абитуриенттердин документтерин кабыл албаганы айтылат. Жогорку окуу жайдын өкүлдөрү бул маалыматты четке каккан эмес. Университеттин өкүлдөрү Ташкенттен келген талап аткарылып жатканын, Өзбекстандын Билим берүү министрлиги коомдук жайларда диний кийимдерди кийүүгө тыюу салгандыгын билдиришти.

Өзбекстанда административдик жоопкерчилик боюнча кодекске ылайык, диний уюмдардын кызматкерлеринен башка жарандар коомдук жайларда дин талабы менен кийинип жүрүшсө айып пул төлөп, же он беш суткага чейин камакка алынат.

Өзбекстанда жогорку окуу жайларга документтерди кабыл алуу жыл сайын 15-июндан 15-июлга чейин созулат. Өз булактар маалымдагандай, быйыл чолок шым, кыска юбка кийген абитуриенттер дагы тоскоолдуктарга туш болду.

Эң көп окулган жаңылыктар