Баткенде аялын өлтүргөн кылмышкер 20 жылга соттолду

14:08, 20 июля 2017, Бишкек - 24.kg

1983-жылы туулган Э. С. аттуу Баткен районунун тургуну 20 жылга соттолду. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, Э.С. 2017-жылдын январь айында 1989-жылы туулганг Т. Г. аттуу аялын таш менен уруп өлтүрүп, ээн талаага таштап кеткен. Алар 2011-жылы үйлөнүп, эгиз кыздуу болушкан. Өз ара келишпестиктен ажырашып кетишкен.

14-январында маркум Г.Т. менен жолугушуп, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына караштуу Бужум айылынын Чет-Булак участкасына ээн талаага барып сүйлөшүп отуруп, ортодо чыр чыгып, аялын муштап, кийин таш менен урган. Кылымшкер күнөөсүн толук мойнуна алды.

Баткен облустук соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.