БКШга президенттик ат салышкандардан биринчи кол топтоо тапшырылды

12:32, 20 июля 2017, Бишкек - 24.kg

БКШга президенттик ат салышкандардан биринчи кол топтоо тапшырылды. «Акшумкар» партиясынын жетекчиси Темир Сариев өзү келип, Борбордук шайлоо комиссиясына 60 миң 155 жарандын колун тапшырды.

Эми Темир Сариев кийинки талапты аткарып, мамлекеттик тилден тес тапшырат.

Эскерте кетсек, азырынча ат салышууга камынгандардын саны 32.

40 миң жарандын колун топтогон талапкерлер, 26-июлдан баштап кыргыз тилинен сынак берет. Сынакты «Кыргызтест» автоматтын тутумунда тапшырышат.