USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү президенттин колунан сыйлык алуудан баш тартты

10:09, 20 июля 2017, Бишкек - 24.kg

«Эрдик» коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов президенттен мамлекеттик сыйлыкты алуудан баш тартты.

Ал бул кадамын Алмазбек Атамбаевдин анын партиясын «сасык» деп айткан сөзүнө териккендиги менен түшүндүрдү. Каныбек Мырзаканов, президенттен башка бирөө тапшырса, сыйлыгын алып кетүүгө даяр.

Эскерте кетсек,12-июлда «Ала Арча» президент Алмазбек Атамбаев маданиятка, социалдык-экономикалык турмушка салым кошкондорду сыйлаган.

Каныбек Мырзакановдун үй-бүлөсү көп жылдан бери Улуу Ата-Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлерди издеп келет. Алардын жардамы менен 300дөй киши табылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика