Ангарск шаарынын убактылуу кармоочу жайында 17 кыргыз жараны бар

10:01, 20 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Россиянын Иркустк облусунун Ангарск шаарынын убактылуу кармоочу жайында 17 кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдайт.

Маалыматта төрт жаран жакында мекенине кайтарылары айтылат.

Элчиликтин өкүлдөрү ал жерде кармалган мекендештер менен жолугуп, кармалуу шарттары менен таанышып чыкты.