Сокулукта 10 жашар кыз дарыяга агып кетти

09:39, 20 июля 2017, Бишкек - 24.kg

Сокулукта 10 жашар кыз дарыяга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Маалыматта, кыз Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылы аркылуу агып өткөн Сокулук суусуна түшүп кеткендиги айтылат.  

Издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган. Табышкан эмес. Издөө иштери 20-июль күнү улантылат.