16:33
USD 86.87
EUR 100.41
RUB 1.08

Ысык-Көлдө дарыяга түшүп кеткен «Ниванын» айдоочусу табыла элек

Ысык-Көлдө дарыяга түшүп кеткен «Ниванын» айдоочусу табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. 

Маалыматта 11-июль күнү түн жарымында Энильчек-Эчкилиташ унаа жолунда бараткан «Нива» Сары-Жаз суусуна кулап түшкөн. Анын 1983-жылы туулган айдоочусу агып кеткен. 

Айдоочунун денеси дагы эле табыла элек. Издөө иштери бүгүн дагы улантылат. 

Эң көп окулган жаңылыктар