Президентикке ат салышкандардын катарына дагы эки аял кошулду

08:51, 20 июля 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Президентикке ат салышкандардын катарына дагы эки аял кошулду.

Алардын бири 64 жаштагы, «Улуу чындык» коомдук фондунун жетекчиси Токтобүбү Таласбаева. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышат.

56 жаштагы Дамира Токтосунова дагы БШКга документтерин тапшырды.

20-июлга карай Боршайкомго 32 жарандан шайлоого катталуу үчүн арыз келип түштү.